ЖАЙЧЫБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЧЫБЕКОВ Бекбосун Карабекович (27. 11. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корум­ду айылы – 6. 9. 2024-жыл, Бишкек шаары) – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992). Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–1989), «Кыргызстан» (1996–1997), «Ада­бият» (1989–1992), «Шам» (2005–2007), «Кут аалам» (2007–2010) басмаларында улук көркөм редактор, баш­кы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар ки­тептеринин көрүнүктүү сү­рөтчүсү. Түркмөнстан, Бела­руссия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Швейцария мамлекеттери­нин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыр­гызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө ка­тышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстары­нын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Бал­дарга арналган жана окуу китептерин көркөм­дөөдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (2007), Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.­