ЖАЙ-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙ-ТЕРЕК – Жалал-Абад облусунун Базар-Кор­гон районундагы кыштак. Арстанбап айыл окру­гуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1500 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 48 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол беке­тинен 80 км. Кыштак 1905-ж. негизделген. Калкы 3133 (2022); негизинен токойчулукта, мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Май жуаз, тегир­мен ж. б. ишканалар иштейт. ­