ЖАЙЫЛ БААТЫР
ЖАЙЫЛ БААТЫР , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небереси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир тууганы Кошой бийдин тарбиясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кетмен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши) жалпы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги талкан уругун Жайыл баатыр м-н Момокон бийлеген (1755– 56). Кыргыз-казак чабыштарына (1764–65-,1769-, 1773-, 1779-жылдар) катышып (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары), баатыр атанган.
Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Момокон баатыр м-н бирге Абылай хан башында турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактарга колго түшкөн. Момокон м-н Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган.
Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр өлүм жазасына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарткан бул кыргын Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган. Чүй облусунун Калинин районуна Жайыл баатырдын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.Ад.: Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05.
Э. Турганбаев.