ЖАЙЫЛМА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫЛМА – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу капта­ган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) жайылма болуп бөлүнөт. Жайылма суу нугунун каптал жылышууларынын не­гизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Жайылманын дарыя нугунан бийиктиги ондогон смден бир нече мге чейин жетет. Неги­зинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учур­да топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таш­тардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жал­ча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, кал­дык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын жайылмасынын туурасы ондогон кмге жетет. Тоо дарыяларында жайылма адат­та айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Жайылмада көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадал­дар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Жайылмага чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт, чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат.
Түштүк Кыргызстанда жайылмага көбүнчө шалы эгилет.