ЖАЙЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫТ – мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Жайыт табигый ж-а эгилме (жасалма) болуп бөлү­нөт. Кыргызстанда т а б и г ы й жайыттар тоолуу, адырлуу, талаалуу ж-а жарым чөлдүү жерлерде болгондуктан, климаттык шарттары ар башка, натыйжада чөбүнүн кунардуулугу түрдүүчө бо­лот. Жайытта негизинен көп жылдык чөптөр, чала бадал ж-а бадалчалар өсөт. Э г и л м е жайытта көп жылдык ж-а бир жылдык чанактуу, дан уруктуу өсүмдүктөрдүн аралашмасы эгилет. Мезгилдик пайдаланылышы б-ча жазгы-күзгү жайыттар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Жайыт – көк тоюттун негиз­ги булагы. Жайытка малды чөбү жетилгенде жаят. Мал жайытта 150–170 күнгө чейин, айрым учурда жыл бою асыралат. Жайыттын кунардуулугун көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мисалы, которуштуруп пайдалануу, семирткич ча­чуу, сугаруу, чөп себүү, тосмолорду куруу ж. б. Эгилме жайыт кунардуу келип, экономикалык жактан көп пайда берет, мисалы, эгилме маданий жайытка өзгөчө саан уйларды эрте жаздан кеч күзгө чейин жай­са болот. Эгилме жайыт жылына 500–600 цге че­йин түшүм берет. Жайытты туура пайдалануу м-н мал чарбасынан сапаттуу ж-а арзан азык-түлүк алса болот.