ЖЕРГЕ-ТАЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕ-ТАЛ КӨРҮСТӨНҮ – I–VIII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Чаткал өрөөнүндөгү Жерге-Тал капчыгайынын батышында. 75 дөбө мүрзөдөн турат. Адамдын сөөгү катакомба, жапма көр­лөрдө жанаа таш табыттарда (бир, экиден жана чо­гуу) коюлган мүрзөлөр кездешет. Карапа идиш­тер (айрымдарынан 6–7 кумура), темир тогоо, темир бычактар, коло күзгү, асем буюмдар та­былган. 1950-жылы археолог А. Кибиров, 1955-жылы Ю. А. Заднепровский, 1981-жылы Ы. Кожомбер­диев изилдеген.