ЖЕРГЕЗ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕЗ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки II кылым– биздин замандын II кылымына таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл облусундагы Жергез суусунун боюнда жайгашкан. Ал түндүктөн түштүккө карай эки катар созу­луп жаткан 50 дөбөдөн турат. Дөбөнүн ар бири­нин диаметри 10–30 м, бийиктиги 1,5 мге чейин. 1949-жылы археолог А. Н. Бернштам эки мүрзөнү казып изилдеген. Карапа идиштер, темир буюм­дардын сыныктары табылган.


Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.