ЖАКБОЛОТ МАРГАНЕЦ КЕНИ
ЖАКБОЛОТ МА́РГАНЕЦ КЕНИ Нарын районунда, Нарын шаарынан 65 км чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун батыш капталындагы Жакболот суусунун баш жагында жайгашкан. 1936-жылы табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон терриген ж-а акиташ тектери түзөт. Марганец кенташы ошол тектердин арасында линза сымал 5 кабаттан турат. Алардын калыңдыгы 2–10 м, уз. 10–14 м. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан, гематит, лимонит ж. б. Кендеги марганецтин орточо кондициялык өлчөмү 6–7%, чанда 15,5%, темирдики 1–12%ти түзөт. Кенташ чөкмө, айрым изилдөөлөр боюнча жанар тоо чөкмө жолу м-н пайда болгон.