ЖАКБОЛОТ ЯШМА КЕНИ
ЖАКБОЛОТ Я́ШМА КЕНИ Нарын районунда, Нарын шаарынан 55–60 км түндүк-чыгыш тарапта, Туюк- Суу ж-а Жакболот сууларын бөлүп турган белде, деңиз деңгээлинен 3000 м бийикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кен гематит-кремнийлүү ж-а кремнийхлорит-чополуу сланецтердин арасында, яшма линзаларынан турган узун тилкени түзүп жатат. Яшманын өңү ачык кызыл, көгүш кызгылтым, боз ж-а каралжын темгилдүү. Блоктуулугу 5Ч10Ч10 см. Оңой сайкалданат. Жылмаланган бет түрдүү түстө кубулуп, кооз оймо-чийме пайда болот. Болжолдуу ресурсу ондогон миң м3ге жетет. Яшмадан белектик кооз буюмдарды жасоого болот.