ЖЕСИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕСИР (арабча асир – колго түшкөн дегенден) –1) эри же аялы өлгөн адам; 2) э т н о г р а ф и я ­д а – көбүнчө күйөөсү өлгөн аял. Күйөөсү өлгөн жесир бетин тытып, чачтарын жазып, кырк күнгө чейин жоолугун ээгине байланбай, эртели-кеч эрин жоктоп кошок кошкон; эринин кара ашы­нан чоң (жылдык) ашына дейре кара кийип олтурган. Өлгөн адамга чоң ашы берилгенден кийин гана карасы өрттөлүп, башына ак жоо­лук салынган. Жесир өз башына өзү ээ болгон эмес, макулдугун албай туруп эле аны күйөөсүнүн агасына, инисине же жакын тууганына нике­леп коюшкан.