ЖАКЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЕРИ́Я (Jacques Bonhomme – баёо Жак де­генден, дворяндар дыйкандарды кемсинтип ата­ган) – 1358-жылы Франциядагы феодалдарга кар­шы көтөрүлүш. Жүз жылдык согуш (1337–1453) убагындагы феодалдык эзүүнүн күчөшүнөн, экономикалык бүлүнүүдөн келип чыккан. Анын башчылары­нын бири Гийом Каль болгон. Көтөрүлүшчүлөр (дыйкандар, кол өнөрчүлөр, майда соодагерлер) дворяндардын үй-жайларын кыйратып, өрттө­шүп, акысыз иштөө жөнүндө жазылган документ­терди жок кылышкан. Бирок Г. Каль алданып колго түшүп, башы алынгандан кийин көтө­рүлүш жеңилген. Жакерия дыйкандардын жеке көз карандылыктан бошонуусуна шарт түзүп, Фран­циянын тарыхында терең из калтырган.