ЖАКИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКИЕВ Бексултан (16. 1. 1936-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев – 25. 4. 2021-жыл, Бишкек шаары) – драма­тург, кинодраматург, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлө­гөн Айбергенов атындагы эл ара­лык сыйлыгынын (1994), Жамбыл Жабаев атындагы эл ара­лык сыйлыгынын (. (1996) лауреаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1958), кино сценарийчилер­дин Москвадагы эки жыл­дык жогорку курсунда оку­ган (1960–1962). «Кыргыз­ фильм» кино студиясында редактор (1963–1968), Кыргыз ССР маданият министрлигинде (1968–1972), Кыргыз ССР мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор (1972–1975), Кыргызстан театр ишмер­лер союзунун секретары (1988–1992), Кыргыз Республикасынын Пре­зидентинин мамлекеттик кеңешчиси (1992–1993), «Ма­нас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетек­чиси, директору (1994–2000), 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекттик сыйлыктар боюнча комитеттин төра­гасы болуп иштеген. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» (1959) аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепе­тинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган. Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жаг­дайларына арналган курч көйгөйлүү «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саа­дак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлер­дин, «Азамат Алтай» повесть-эссенин автору. Драмалык чыгармалары камтылган, «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969) жана башка китептери чыккан. «Атанын тагдыры» дра­масы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда. Жакиевдин театр, кино коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит­-журналдарда жарыяланып турат. Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыр­гыз тилине которгон. Жакиев 2000–2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде рас­мий жарыяланып, колдоого алынды. Жакиев III да­ражадагы Манас ордени, «Даңк» (1997), Казак­стан Республикасынын «Астана» (1999) медалдары менен сыйланган.

Ад.: Асанбеков С. Азыркы кыргыз драмасы. Ф., 1980; Абдыразаков А. Кыргыз драматургиясындагы изденүүлөр. Ф., 1986; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 1-т. Ф., 1987; Байгазиев С. Калем изи. Ф., 1987; Бексултан Жакиев // Советтик Кыргызстан жазуучулары. Ф., 1989; Артыкбаев К. ХХ кылым­дагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.