ЖЕТИ-ӨГҮЗ КУРОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ КУРОРТУ – климаттык-бальнеологиялык курорт. Каракол шаарынан 28 км түштүк-батыш жана Ысык-Көлдөн 30 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жети-Өгүз капчы­гайынын карагай токойлуу кооз жеринде, де­ңиз деңгээлинен 2200–2400 м бийикте жайгашкан.

Жайы мелүүн, июль айынын орточо температурасы 15°С, кышы да мелүүн, кар көп түшөт, январь айынын орточо температурасы –9°С. Жылдын орточо жаан-чачыны 500 мм чамасында, чөйрөнүн орточо нымдуулугу 65%. Мындагы минералдуу ысык (41°С) булактардын дарылык касиеттери жергиликтүү элге байыртан белгилүү болгон (кара, Жети-Өгүз минералдуу суусу). 1857-жылы П. П. Семёнов-Тянь- Шанский булактарды сыпаттап жазган. 1910-жылы атайы үй курулуп, жыгач ванналар пайдала­нылган. 1931-жылдан курорт куруу колго алы­нып, 1940-жылы эки имараты пайдаланылууга бе­рилген. Дарылоо радондуу, хлорид натрий-каль­цийлүү жана азоттуу ысык булак сууларынын ванна жана бассейндерине түшүрүү, ошондой эле тоо климатынын таасирин тийгизүү менен жүргүзүлөт. Ванна, душ, денени чайкоо жана ичүү аркылуу муун, ичеги-карын, боор, нерв жана дем алуу сис­темаларынын, гинекологиялык жана кээ бир тери оору­ларын дарылайт.