ЖЕТИ-ӨГҮЗ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ КӨРҮСТӨНҮ – болжол менен биздин замандын 1-миң жылдыгына таандык археологиялык эстелик (бардыгы 150дөй ). Жети-Өгүз кыштагынын түштүгүндө тоо этектей жайгашкан. Алардын үстүнө тегерете таш төшөлүп, тик бурчтуу жана чарчы таш тосмолор коюлган. Айрымдарынын бурчтарына таш балбалдар орнотулган. Бейит белгилеринин түрдүүлүгү көрүстөнгө табыттар­дын ар кандай мезгилде коюлганын далилдейт. Таш балбалдар орнотулган тик бурчтуу тосмо­лор менен таш төшөлгөн дөбөлөр VI–VIII кылымдардагы түрктөргө таандык экенин археологдор анык­таган. Биздин замандын 1-миң жылдыгында Кыргызстанда жа­шаган көчмөн калктын маданиятын изилдеп би­лүүдө бул көрүстөндүн мааниси чоң.