ЖАКИШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКИШЕВ Өмүркул (1909, Чүй облусу, Кант району, Үч-Эмчек айылы – 1979, Фрунзе) – ада­биятчы, сынчы, кыргыз профессионал адабиятын баштоочулардын бири, «Манас» изилдөөчү ж-а түзүүчү. Фрунзедеги жатак мектепте, педтехни­кумда (1925–29), кийин САКУда, 1931–34-жылдарда Москвадагы басма институтунда окуган. 1931–36-жылдарда «Кыргызмамбаста» көркөм адабият боюнча редактор, 1936–37-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун жооп­туу секретары, 1940–46-жылдарда Кыргыз ССР Ми­нистрлер Советинин алдындагы искусство боюнча баш­кармалыктын начальниги, «Кыргызмамбастын» директору (1946–47), Кыргыз ТАГдын башкы ре­дактору (1947–58), Кыргыз ССР ИАнын «Манас» секторунун (1958–64) башчысы болуп иштеген, 1930-жылдан кыргыз адабиятына тийиштүү бир катар рецензия, баяндама, макалаларды жаз­ган, «Манас» эпосун изилдеп, эпостун көркөм чен-кудуретин, кыргыз ж-а дүйнөлүк оозеки адабияттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-жылы Москвадан чыккан «Манас» эпосунун бир том­дук орусча котормосун редакциялоого катышып, Е. Мозольков м-н бирдикте кириш сөзүн жаз­ган. «Манас» эпосунун 1958–60-жылдарда жарыялан­ган курама 4 томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин (2-чакырылышынын) депутаты болгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сый­ланган.