ЖИВОПИСЬ, СКУЛЬПТУРА ЖАНА АРХИТЕКТУРА ИНСТИТУТУ
ЖИВОПИСЬ, СКУЛЬПТУРА ЖАНА АРХИТЕКТУРА ИНСТИТУТУ И. Е. Репин атындагы – Россиянын Санкт-Петербургдагы туңгуч жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. Петербург Сүрөт академиясынын окуу жайы катары 1757-жылы негизделген. Көркөм чыгармачылыктын жалпы улуттук борбору болуп калган. Бул жерде реалисттик чеберчилик принциптерине негизделген улуттук педагогикалык тутум калыптана баштаган. Сүрөт класстары Жогорку сүрөт окуу жайына биригип, чыглык шыктануунун ар кандай этаптарын, динамикалык өнүгүүнү жана кризистик жагдайларды башынан өткөргөн. 1918-жылы Жогорку сүрөт окуу жайынын ордуна Петроград мамлекеттик эркин сүрөт окуу өнөрканалары уюштурулган. Өнөрканаларды Вхутеинге кайра уюштурууда архитектура факультети менен живопись факультетинин станоктук живопись бөлүмү жоюлуп кеткен. Академиянын көрүнүктүү окутуучулары жумуштан четтетилген. 1931-жылы Сүрөт академиясынын салттык курамы кайра калыбына келтирилген. Анын курамында Живопись, скульптура жана архитектура институту түзүлгөн. Көркөм сүрөт боюнча билим берүүнүн негизин сүрөт жана композиция мыйзамдары түзүп, кайрадан башында көрүнүктүү сүрөт чеберлери И. И. Бродский, Б. В. Иогансон, А. Т. Матвеев, А. А. Осмеркин, М. Г. Манизер, П. А. Шиллинговский, Л. В. Руднев, С. С. Серафимов, Р. Р. Френс, В. В. Лишев, В.Б.Пенчюк, И. Я. Билибин турган жеке өнөрканалар иштей баштаган. 1973-жылы көркөм искусство тарыхы жана теориясы факультети ачылган. 1944-жылы институтка И. Е. Репиндин аты ыйгарылган. 1942–44-жылдары институт адегенде Самаркандда, андан соң Москванын алдында эвакуацияда болгон. Институтта көрүнүктүү сүрөт чеберлери А. А. Мыльников, М. К. Аникушин, П. Т. Фомин, Ю. М. Непринцев, Б. А. Пленкин жана башкалар сабак беришкен. Институт мурунку союздук республикаларга улуттук кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт жана андан башка мамлекеттерден келген студенттер да билим алышат. Кыргызстандык көп чеберлер да ушул институттан окуган: живописчилер – А. Осмонов, А. Усубалиев, С. Чокморов, К. Керимбеков, Ж. Кожахметов, Н. Конгурбаев; графиктер – А. С. Осташев, М. Өмүркулов; искусство изилдөөчү Б. Будайчиев, скульптор Д. Жолчуев жана башкалар.