ЖИП ИЙРҮҮЧҮ МАШИНА
ЖИП ИЙРҮҮЧҮ МАШИ́НА – алдын ала созулуп даярдалган буладан (бош чыйратылган жоон шоонадан) жип даярдоочу механизм. 16- кылымда ийикке бекитилген туткалуу саксон дөңгөлөгү пайда болгон. Ийрилген жип чыгырыкка түрүлгөн. Алгач саксон дөңгөлөгү кол менен, кийин суу же шамал менен кыймылга келген. 760-жылы англиялык ойлоп тапкыч Р. Аркрайт жип ийрүүчү жана созуучу жабдуу жасаган. 1767-жылы англиялык инженер Ж. Харгривс көп ийиктүү, ал эми 20-кылымда анын ордуна шакектүү жип ийрүүчү машина ойлоп тапкан. Ал ийрүүчү түйүндөн жана дайыма айланып туруучу тик ийиктен турат. Жип ийрүүүчү машина үч технологиялык процессти аткарат: шоона ичкертилет, чыйратылат жана түрүүчү механизм жипти кагаз патронго же чыгырыкка түрөт. Машина үзгүлтүксүз жана мезгилдүү иштөөчү болуп бөлүнөт. Ү з г ү л т ү к с ү з иштөөчү машина созуу, чыйратуу жана башка иштерди бир мезгилде аткарат. М е з г и л д ү ү иштөөчү созуу менен чыйратууну мезгили менен түрүүгө алмаштырып иштейт. Иштелүүчү буланын түрүнө жараша кебез, зыгыр буласын, жүндү тарап жана жибек калдыктарын ийрүүчү болуп бөлүнөт. Ар бир машинада 200дөн 500гө чейин ийик орнотулат. Ийиктер тегерек, мүйүз сымал, калпак жана центрифуга түрүндө жасалат. Азыркы учурда негизги ийрүүчү түйүнү чакан центрифуга болгон пневмомеханикалык жип ийрүүчү машиналардын бардык түрлөрү микропроцессордук башкаруу, сырьё берүү, жиптин үзүлгөн жерин байлап жана улап коюу, ошондой эле даяр ийрилген түрмөктү алуу үчүн автоматтык система менен жабдылган. Мындай жип ийрүүчү машинасы жасалма жип алууда да пайдаланылат.