ЖИРАРДО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:55, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Анни Жирардо

ЖИРАРДО Анни (25. 10. 1931-жылы туулган, Париж шаары) – француз актрисасы. 1954-жылы Париж консерватория­сын бүтүргөн. «Комеди Франсез» жана башка театр­ларда иштеген. 1956-жылдан кинодо. Жирардонун чыгармачы­лыгында белгилүү ролдордун бири – «Рокко жана анын бир туугандары» (режиссёру Л. Вискон­ти, 1960) тасмасынан Надянын ролу болгон. «Манхэттендеги үч бөлмө» (1965, Венеция ЭКФ сыйлыгы), «Сүйүүдөн каза табуу» (1971), «Отсуз түтүн чыкпайт» (1973) жана башка тасмаларда сый­мыктуу жана күчтүү, чечкиндүү, өз тагдырын өзү чечкен аялдардын образын түзгөн. «Кара далы кыз» (1972, Батыш Берлин ЭКФ сыйлыгы), «Сан­тьягодогу жаан» (1975, Франция – БЭР), «Шек­тенүү» (1974, Италия) жана башка тасмаларда көрү­нүктүү ролдорду ойногон. «Реванш», «Доктор Франсуаза Гайан» (1981), «Пианистка» (2001) жана башка тасмаларга тартылган.