ЖАККАР МАШИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:27, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАККА́Р МАШИНАСЫ – токуу станогуна ор­нотулуп, кездемеге кооз түр ж-а сүрөт салып токуу процессин автоматташтыруучу механизм. Жаккар машинасын 1801-жылы француз токуучусу ж-а механи­ги Жозе-Мари Жаккар (1754–1834) ойлоп чы­гарган (аты ошондон).

Бул машинада кездеме­нин бетине чексиз түр салып токууга болот. Мында ар бир жипти же алардын бир то­бун алып жүрүүчү 100дөн 1000ге че­йин илгич орноту­лат. Жип илгич­тин саны канча­лык көп болсо, кездеменин бетине ошончолук татаал түр түшүрүүгө мүм­күн. Жаккар машинасы кооз кездеме, дастор­кон, килем ж. б. буюмдарды токууда кеңири колдонулат.