ЖАКШЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКШЫЛЫК Сарык уулу (1880, азыркы Ысык- Көл облусу, Түп району, Шаты айылы – 1934, ошол эле жер) – семетейчи. Өмүрү ж-а чыгармачылыгы жөнүндө жазылып калган материал жок. Эл ичинде «Кара ырчы» деген ат м-н таанымал болгон. 1929-жылы Х. Карасаев, Б. Жаркынбаев ж-а О. Мамыр­канов Жакшылыктын айтуусунда «Семетей» м-н «Сей­текти» жазып алышкан. Ал кол жазма 12 ки­тепче (дептер) болуп, КР УИАнын кол жазма­лар фондусунда сакталып турат. Жакшылыктын «Семе­тейинде» жалпы сюжеттик нук сакталган, Кан­чоро м-н Күлчоронун образдары С. Каралаев, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу сыяктуу манасчылардын варианттарынан өзгөчөлөнүп турат. Жакшылыктын «Жылдыз» аттуу поэмасы эл ара­сына кеңири тараган.

Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. II т. Б., 2002.