ЖАКШЫЛЫК (Араван районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАКШЫЛЫК 1 to ЖАКШЫЛЫК (Араван районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКШЫЛЫК – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Чек-Абат айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 680 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Араван кыштагынан 5 км батыш тарап­та, Ош темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1955-жылы негизделген. Калкы 2254 (2022); негизинен пах­тачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик окуу жайы, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иштейт.