ЖОЛ ТАЗАЛООЧУ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТАЗАЛООЧУ МАШИ́НА – трасса жолдон кир балластарды, шлакты, карды, муз сыныкта­рын, жолдун ортосундагы жана капталдарында­гы ашыкча нерселерди жүктөп тазалагыч. Алгачкы жол тазалоочу машина 1940-жылдын башында ишке кир­гизилген. Анын рамасына 2 дисктүү жумшарт­кыч, чогулткуч түзүлүш, чынжыр сузгучтуу эле­ватор, 2 каптал элеватору, узата жайгашкан жана бурулма тасма транспортёрлор, тиштүү бөлгүч түзүлүштөр бекитилген. Жол тазалоочу машинага мате­риалды жылдыруу үчүн пластиналуу транспор­тёрлор орнотулган атайын жарым вагондор чиркелет. Жол тазалоочу машина локомотивдин жардамы менен жылат, жумушчу тетиктери машинага орнотул­ган электр станциясынан кыймылга келет. Өн­дүрүмдүүлүгү 500 м3/с, жумушчу ылдамдыгы 3–5 км/с, ал эми транспорттук ылдамдыгы 80 км/с.