ЖОЛОЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛОЙ Боогачы уулу (1888, азыркы Токтогул району, Ничке-Сай айылы – 1934, ошол эле жер) – кыл кыякчы, комузчу. 1932–1934-жылдары Токтогул райондук элдик театрында иштеген. Комузчулук боюнча Токтогулдан таалим алган. Кыл кыякты адамдай сүйлөтүп тарткан. Айрыкча «Байге»,«Кер толгоо», «Селкинчек», «Тору кашка ат, ко­куй», «Эски кара күү», «Тайкожонун керөзөн» жана башка күүлөрдү ийине жеткире аткарган. Ал эми комуз күүлөрүнөн «Гүлгаакы», «Ан­жыяндыктардын дарты өттү», «К а ­р а ч а ч - З е й н е п» ,


«Кашка ат жаш кетти», «Эжекем менен жездекем» жана башка күүлөрдү кол ойнотуп черт­кен. 1928-жылы му­зыка изилдөөчү А. Затаевич андан 17 күү жазып ал­ган. Алар 1934-жылы Москвадан чык­кан «250 кыргыз­дын күүлөрү жана обондору» аттуу жыйнакка кирген. Жолоойдун «Бай­ге», «Карачач-Зейнеп», «Кер толгоо» аттуу күүлөрү «Чолпон», «Саманчы жолу» балеттери­не пайдаланылган.