ЖОЛУМ ҮЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛУМ ҮЙ – абдан кичине жеңил боз үй. Ал үч канат керегеден, ага жараша ууктан, түндүк­төн турат. Айрым жерде жол үй кереге, түндүксүз эле ууктан узунураак таяктардын бир учу жер­ге сайылып, түндүк ордуна бир кулач ичкерээк талдын эки башы бириктирилип, көк менен бай­ланып тигилет. Ал түндүк сымал тегерек тал­дын арасы баштан аяк сызма же жоондугу сөөмөйдөй кыл жип менен ачык оролот. Жерге сайылган таякчалардын экинчи учу оролгон жиптерге киргизилип, үстүнө эски үзүк же таар жабылат. Жолум үйдү мурда жылкычы, койчу, жоо­кер, соодагерлер урунган. Учурда жолум үйдүн орду­на чатыр кеңири колдонулат.