«ЖООДАРБЕШИМ»
«ЖООДАРБЕШИМ» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. «Ж.» эл арасында мурдатан белгилүү болсо да, кийин (1940-ж. К. Суранчиевден, 1963-ж. О. Урмамбетовдон, 1968-ж. Майрыковдон) үч варианты жазылып алынган. Азыркы күндө КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда Орузбай Урмамбетов м-н Суранчиев Калчанын варианты гана сакталып турат. «Ж.» 1971-ж. Кырг-ндан, 1988-ж. Үрүмчүдөн араб ариби м-н басылып чыккан. «Эр Төштүк» эпосунун түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Поэманын баш каарманы Жоодарбешим – Төштүктүн
уулу. Дастанда Эр Төштүктүн ишке ашпай калган максаты – кара күчтүн символу болгон Чоюн алптын кекчил баласы Темир алптын өлтүрүлүшү баяндалат. «Эр Төштүк» эпосундагыдай эле мында да Темир алптын жаны Алтын баштуу ак аркардын ичиндеги жумурткадай сандыкка салынган алты кучкачта болот. Аны алуу үчүн Жоодарбешимдин жортуулу башталып, окуя-гөн;
лар чиеленет. Поэма жеңиш м-н аяктап, Жоодарбешим элине кайтып келип, кайрымдуу хан болот.фес с и онал дең гээлге көтөр
Ад.: Суванбеков Ж. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф., 1963; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Ф., 2004.