ЖОНГЛЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОНГЛЁР (латынча joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) орто кылымдын башында Фран­циядагы кыдырма шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан).

Жонглёрлор оюн көрсөтүүдө.

Анг­лиядагы менест­релдер, Германия­дагы шпильман­дар, Россиядагы скоморохтор да жонглёр сымал өнөр­поздор болгон. Эл­дин үрп-адатына, оюндарына байла­ныштуу чыккан бул өнөр муз. эле­мент менен поэзия­ны, ымдоо-жаңдоо менен акробатиканы бириктирип, көрсөткөн. Азыркы циркте жонглёр көп учурда ак­робатика, эквилибристика, клоунада машыкты­руу менен байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич жана башкаларга чыгып жана жерде ойноочу түрлөрү бар. XX кылымда Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, жонглёр жан­рынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыр­гыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Иса­ков сыяктуу көрүнүктүү жонглёр өнөрпоздору бар, к. Кыргыз цирки.