«ЖООДАРБЕШИМ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:32, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖООДАРБЕШИМ» – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. «Ж.» эл арасында мурдатан бел­гилүү болсо да, кийин (1940-ж. К. Суранчиев­ден, 1963-ж. О. Урмамбетовдон, 1968-ж. Майры­ковдон) үч варианты жазылып алынган. Азыр­кы күндө КР УИАнын Кол жазмалар фондусун­да Орузбай Урмамбетов м-н Суранчиев Кал­чанын варианты гана сакталып турат. «Ж.» 1971-ж. Кырг-ндан, 1988-ж. Үрүмчүдөн араб ари­би м-н басылып чыккан. «Эр Төштүк» эпосунун түздөн-түз уландысы катары белгилүү. Поэманын баш каарманы Жоодарбешим – Төштүктүн

уулу. Дастанда Эр Төштүктүн ишке ашпай кал­ган максаты – кара күчтүн символу болгон Чоюн алптын кекчил баласы Темир алптын өлтүрү­лүшү баяндалат. «Эр Төштүк» эпосундагыдай эле мында да Темир алптын жаны Алтын баштуу ак аркардын ичиндеги жумурткадай сандыкка салынган алты кучкачта болот. Аны алуу үчүн Жоодарбешимдин жортуулу башталып, окуя-гөн;


лар чиеленет. Поэма жеңиш м-н аяктап, Жоо­дарбешим элине кайтып келип, кайрымдуу хан болот. ­


Ад.: Суванбеков Ж. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф., 1963; Кыргыз элинин оозеки чыгар­мачылыгынын тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Ф., 2004.