ЖОНГЛЁР
ЖОНГЛЁР (латынча joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) орто кылымдын башында Франциядагы кыдырма шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан).

Англиядагы менестрелдер, Германиядагы шпильмандар, Россиядагы скоморохтор да жонглёр сымал өнөрпоздор болгон. Элдин үрп-адатына, оюндарына байланыштуу чыккан бул өнөр муз. элемент менен поэзияны, ымдоо-жаңдоо менен акробатиканы бириктирип, профессионал деңгээлге көтөргөн. Азыркы циркте жонглёр көп учурда акробатика, эквилибристика, клоунада машыктыруу менен байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич жана башкаларга чыгып жана жерде ойноочу түрлөрү бар. XX кылымда Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, жонглёр жанрынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыргыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Исаков сыяктуу көрүнүктүү жонглёр өнөрпоздору бар, к. Кыргыз цирки.