ЖОНГЛЁРЛОО
ЖОНГЛЁРЛОО – цирк өнөрүнүн жанры; белгилүү ыңгайда үчтөн кем эмес буюмду ыргытып, тосуп алуу. Жонглёрлоо өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Кытай, Японияда кеңири өнүккөн. Орто кылымда жонглёрлоону жер кезип жүргөн өнөрпоздор
Азыркы циркте жонглёр көп учурда акробатика, эквилибристика, клоунада машыктыруу менен байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич жана башкаларга чыгып жана жерде ойноочу түрлөрү бар. XX кылымда Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, жонглёр жанрынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыргыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Исаков сыяктуу көрүнүктүү жонглёр өнөрпоздору бар, к. Кыргыз цирки.