ЖОНГЛЁР
ЖОНГЛЁР (латынча joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) орто кылымдын башында Франциядагы кыдырма шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан).

Англиядагы менестрелдер, Германиядагы шпильмандар, Россиядагы скоморохтор да жонглёр сымал өнөрпоздор болгон. Элдин үрп-адатына, оюндарына байланыштуу чыккан бул өнөр музыкалык элемент менен поэзияны, ымдоо-жаңдоо менен акробатиканы бириктирип, профессионал деңгээлге көтөргөн. 2) циркте бир эле убакта бир нече буюмду шамдагайлык менен ыргытып, тосуп ала турган артист, кара, Жонгрглёрлоо.