ЖОНГЛЁРЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:41, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОНГЛЁРЛОО – цирк өнөрүнүн жанры; бел­гилүү ыңгайда үчтөн кем эмес буюмду ыргытып, тосуп алуу. Жонглёрлоо өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Кытай, Японияда кеңири өнүккөн. Орто кы­лымда жонглёрлоону жер кезип жүргөн өнөрпоздор көрсөткөн.

Азыркы циркте жонглёрлоо көп учурда ак­робатика, эквилибристика, клоунада машыкты­руу менен байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич жана башкаларга чыгып жана жерде ойноочу түрлөрү бар. XX кылымда Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, жонглёрлоо жан­рынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыр­гыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Иса­ков сыяктуу көрүнүктүү жонглёрлоо өнөрпоздору бар, кара, Кыргыз цирки.