ЖОНУУЧУ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:47, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОНУУЧУ СТАНО́К , 1) жонуучу кескичтер менен горизонталдуу, вертикалдуу жана жантык бет­терди тегиздөөчү металл кесүүчү станок. Ал туу­расынан жана узунунан жонуучу болуп экиге бөлүнөт. Жонуучу станоктун башкы кыймылы – алды-арт­ка умтулма түз сызыктуу кыймыл. Кыймыл туу­расынан жонуучу станокто бекиткичке орнотулган кес­кичке, ал эми узунунан жонуучу станокто сом темир орно­тулган столго берилет. Жумушчу жүрүш убагын­да жонуу жүргүзүлүп, куру жүрүштөн соң кес­кич баштапкы абалына келет. Башкы кыймыл­дын ылдамдыгы бардык суу менен кыймылга келүүчү узунунан жана туурасынын жонуучу станокто ту­руктуу, ал эми кулиса-кривошиптүү механизм менен кыймылга келүүчү туурасынан жонуучу станоко өз­гөрүп турат (жогорку чегине – кайра нөлгө че­йин). Ар бир куру жүрүштүн акырында берүү кыймылы аткарылат (башкы кыймылдын ба­гытына салыштырмалуу туурасынан). Туурасы­нан жонуучу станокто майда жана орто сом темирлер, ал эми узунунан жонуучу станокто чоң буюм же бир нече ири буюм иштетилет. Куру жүрүштүн айынан жонуучу станок. массалуу өндүрүшкө чыкпай, анын ордуна фре­залуу, жылмалоочу станоктор колдонулууда. 2) жыгачтын бетин жылмалоо, кооздоо, нерсе­ге так өлчөм берүү жана ушул сыяктуу жумуштарды аткаруу­да колдонулуучу айланма бычактары бар жы­гач иштетүүчү станок.