ЖООН-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ
ЖООН-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–V кылымдарына таандык мүрзөлөр. Талас суусунун сол өйүзүндө, Кең- Арал кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Көрүстөндө 30дан ашуун дөбө-мүрзө болгон, бийикт. 6 м, диаметри 50 м. Сөөктөр жарма жана төрт чарчы жөнөкөй көрлүү мүрзөлөргө коюлган. Казуу убагында карапа, жыгач идиштер, түрдүү түстөгү шуру, мончоктор, кылыч сыныктары, асыл таш чөгөрүлгөн алтын асемдер, жаанын жебелери жана башка буюмдар табылган. 1898-жылы финн илимпозу Г. Гейкель, 1960-жылы кыргыз археологу Ы. Кожомбердиев изилдеген.