ЖООШБАЙ
ЖООШБАЙ Борсол уулу (1840, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Дөң-Талаа айылы – 1919, ошол эле жер) – эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап менен иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» келекелөөдөн, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдаган жоруктары, курч сөздөрү менен таанылган. Атасынын купулуна анчалык толбой, «тентек, жинди» аталган. Куудулдугу 11–12 жашынан эле билинген. Анын айрым манап, бай, молдо, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кеткендердин терс кылык-жоруктарын мыскылдаган күлкүлүү жоруктары эл арасына кеңири тараган. Жоошбайдын алгачкы орчундуу окуясы байдын баласы Жуманын бээсин, бир баштык тамекисин алдап алуудан башталган. Анын ар бир окуясы өзгөчөлүгү, күлкү жаратуусу, кыймыларакети, касиети менен кайталангыс. Колдо бар маалыматтарга караганда анын бир тууган агасы Байсерке айыл бийлеп, манап аталган адам болгон. Көпчүлүк кылык-жоруктары агасынын керт башына, үй-бүлөсүнө, конокторуна, жолдошторуна байланыштуу. Жоошбайдын өмүр жолу жөнүндө толук маалымат сакталбаса да, анын күлкүлүү жоруктары тууралуу кыска уламыштар, окуялар ушул күнгө чейин эл арасында айтылып жүрөт. Мисалы, бир топ окуялары атасы Борсолго байланыштуу («Суудан кечирдим», «Тайлак болуп боздодум», «Борсол жинди», «Атамды коркуттум», «Мейман күтүү» жана башкалар). «Тайлак болуп боздодум» окуясында атасынын баёолугун, сараңдыгын тамашага салат. Ал курч, күлкүлүү окуяларды түзө билген куудул гана эмес, сөзгө чебер, сөздү так, кыска, өз орду менен айтып, каршысын катуу шылдыңга калтырганы менен өзгөчөлөнгөн. Байсеркенин үйүндө конок болуп отурган бий-болуштарга «көрүнүшү», агасынын «айтканын» аткарып, «чечинип» салып кызмат кылышы, коноктордун аттарын «жайлап» салган окуялары кирет. «Карыган кудай колдо» аттуу жоругу эл ичине ылакап болуп тараган. Ал тектүү, оокаттуу үй-бүлөдөн чыкса да, куудулдугу, айла-амалы менен бай-манаптарды, бий-болуштарды, соодагер, кожо-молдолорду, эшен-калпаларды шылдыңга алып, карапайым элдин таламын талашкан. Анын жоруктары муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп, ушул кезге чейин маанисин, баалуулугун жоготпой, азыр да курч, өткүр («Жер көтөргөн көк өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей), мыскыл сөздөрү, күлкүлүү окуялары калктын көркөм табитинен өчпөй, фольклордук кенчке сиңип кеткен. Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбеков Жоошбайдын эл арасында айтылып жүргөн көптөгөн окуяларынын негизинде «Жоошбай» деген повесть жазган («Күлкү жана өмүр», 1988).
Чыг.: Китепте: Эл куудулдары. Ф., 1987.