ЖОРГО
ЖОРГО – 1) жоргологон жүрүшү бар жылкы; 2) сол же оң ыптасы жагындагы алдыңкы буту менен арткы буту абага бирдей көтөрүлүп, алдыга умтулган, төрт буту улам алмашып, бирдей ыргакта жерге ташталып турган, чайпала жүргөн, ылдам басык, көбүнчө жылкынын өзгөчө чуркоо ыгы, жүрүшү. Жорго кудуретине, жүрүү деңгээлине, ылдамдыгына, ыргагына жараша жол жорго, кой жорго., жазма жорго, чапма жорго, алабарман жорго, өкүм жорго, ала качма жорго, суу куйса төгүлгүс, накта чоң жорго. болуп бөлүнөт. Жорго дене түзүлүшү боюнча өтө чымыр, карылуу, күчтүү болот да, узак жол жүрүүдө чарчабайт. Жорго. саатына 10–15 км жол жүрөт. Жорго байыртан журт башчыларына, тарыхый адамдарга сый катары тартууланган.