ЖОРЖОНЕ
ЖОРЖО́НЕ [өз аты – Жоржо Барбарелли да Кастельфранко (1476, Венето – 1510, Венеция)] – итальян живописчи, Венеция мектебинин өкүлү, Улуу Кайра жаралуу доорунун искусствосун негиздегендердин бири. 1505-жылга чейинки чыгармаларында («Бадачылардын сыйынышы», Вашингтон, Улуттук искусство галереясы; «Мадонна Ыйык Франциско жана Либералий менен», Кастельфранко собору; «Юдифь», Санкт-Петербург, Эрмитаж жана башкалар) адам жана анын эмгегин даңазалоо көрүнө баштайт. Жоржоне кийинки чыгармаларында

(«Уйкудагы Венера», Дрезден галереясы;«Кыштактагы концерт», Лувр, Париж жана башкалар) живописти жаңы ыкмалар менен байытып, жаратылыш менен адамдын ортосундагы шайкештик көрсөтүлгөн. Жоржоненин көркөм табылгаларын чыгармачылык салттарын окуучусу Тициан өнүктүргөн.
Ад.: Смирнова И. А. Джорджоне да Кастельфранко. М., 1962; Белоусова Н. А. Джорджоне. 2-е изд. М., 1996.