ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ
ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ – Азиянын батышы м-н Африканын түндүк-чыгышындагы аймак, анда Египет Араб Республикасы, Судан Республикасы, Израиль, Иордания Хошимит Королдугу, Ирак Республикасы, Сирия Араб Республикасы, Ливан Республикасы, Бириккен Араб Эмирликтери, Оман Султандыгы, Палестинанын аймагы, Сауд Арабиясы, Йемен Республикасы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Кипр, Түркия мамлекеттери жайгашкан.