ЖАКЫПБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫПБЕК Ниязбек уулу (18-кылымдын 2-жары­мы – 19-кылымдын 1-жарымы) – бугу уруусунун аты­нан орус падышалыгына жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү. 1813-жылы 7-сентябрда Миркур­бан Ниязов жетектеген кербен Семейден Турпанга (Чыгыш Түркстан) баратып, Ысык-Көл кылаа­сына токтоп өткөн. Ичинде А. Л. Бубенов бол­гон бул кербенди жергиликтүү бугу уруусунун төбөл­дөрү жылуу тосуп алып, тийиштүү сүйлөшүү­лөрдөн кийин Россия империясы м-н байланыш түзүү жөнүндө сибирдик бийликке расмий кайры­лууга макулдук беришкен. Кербенди кытай чек арасына чейин узаткан А. Бубенов кайра кайт­канда, бугу уруусунун манаптары Шапак, Шера­лы өз элчиси катары Качыбек Шералы уулун, ага Жакыпбекти кошуп, 1813-жылы 21-ноябрда Семейге жө­нөткөн. Алар 1814-жылы 5-январда Семипалатинск чебине, анан Тобольск шаарына келип, Сибирдин генерал-губернатору Г. И. Глазенаптын расмий кабыл алуусунда болуп, орустар м-н соода бай­ланышын түзүүнү ж-а кыргыздардын жери ар­кылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришип, падыша м-н жо­лугуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү өтүнүш­көн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү ка­нааттандырылган эмес. Алар шаардагы бир ка­тар чептерди, Барнаулдагы заводдорду кыдыртып көрүшкөн. Жакыпбек элчилик ишмердиги үчүн асыл­таш чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган. Элчилер 1815-жылы кайтып келишкен.

Т. Өмүрбеков.