ЖОТТО
ЖО́ТТО ди Бондоне (1266 жана 1276-жылдар ортосунда, Флоренцияга жакын, Веспиньяно – 8. 1. 1337, Флоренция) – итальян живописчи. Проторенессанс искусствосунун өкүлү. 1334-жылдан Флоренциядагы собордун курулушун жетектеген. Жоттонун алгачкы эмгектери – Ассиздеги Сан-Франческо чиркөөсүнүн (1290–1299) айрым фрескалары. 1300-жылдын башында Римде болуп, антика дүйнөсүнүн живописи жана П. Каваллинининчыгармалары м-н таанышып, алардын таасири тийген.

Жотто 1304–1306-жылдары эң негизги чыгармасы – Падуядагы Скровеньи капелласынын росписин (дель-Арен капелласын) жараткан. Акыркы чыгармалары: Санта-Кроче чиркөөсүндөгү Иоанн Чокундуруучунун, Иоанн Евангелисттин, Франциск Ассизскийдин өмүрү тууралуу Перуцци (1320-жылдар чени) жана Барди (1320–1325) капеллаларынын росписи. Жоттонун чыгармачылыгы Италия искусствосунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.
Ад.: Алпатов М. В. Итальянское искусство эпохи Данте и Джотто. М.; Л., 1940; Лазарев В. Н. Происхождение итальянского Возрождения. Т. 1. М., 1956; Беллози Л. Джотто. М., 1996.