ЖАКЫПОВ
ЖАКЫПОВ Ыбрай (22. 10. 1918, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Жер-Үй айылы – 4. 3. 2009, Бишкек) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1967), профессор (1970). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1970), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ташкенттеги жумушчу факультетин бүтүрүп (1932), Оттук, Тору-Айгыр айылдарындагы мектептерде (1933–35), Фрунзе шаарындагы № 5 орто мектепте (1938) мугалим болуп эмгектенген. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1941), ошол эле жерде окутуучу (1946–50), тил ж-а адабият кафедрасынын башчысы (1951–54), Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун адабият факультетинин деканы (1955–59), КМУнун доценти, кафедра башчысы болуп эмгектенген (1964–90). Эмгектери кыргыз тилинин синтаксисин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун илимий эмгектин, окуу куралдарын жана "Тагдыр" (1971), "Тилектештер" (1975), "Чакырык" (1981), "эмгек, билим, тарбия -- жетимди жетилткен (1998) аттуу повесттердин автору. Кыргых ССР эл агартуунун отличниги (1957). 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн синтаксиси. Ф., 1958; Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү. Ф., 1965; Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси. Ф., 1975; Орус тилинин кыргыз тилине тийгизген таасири. Ф., 1983.