ЖАКЫРЧЫЛЫК
ЖАКЫРЧЫЛЫК – жеке адамдын же анын үй-бүлөсүнүн кирешеси алардын негизги керектөөсүн канааттандырбаган абал. Жакырчылык кандайдыр бир көрсөткүчкө ээ эмес. Түрлөрү: а) абсолюттуу мамиле – тиричилик минимумун же жакырчылык деңгээлин белгилөөнү түшүндүрөт; б) салыштырмалуу мамиле – орто кирешенин 50% деңгээлинде жакырчылык чегин белгилөөнү түшүндүрөт; в) субъективдүү мамиле. Көрсөтүлгөн мамиленин бирин да жакырчылыкты аныктоодо так деп атоого болбойт. Жакыр элдин динамикасы‚ курамы ж-а социалдык кыймылдуулугу олуттуу болуп саналат. Жакырчылык көрсөткүчү жакырчылык деңгээлинен (жакырчылык чегинен) төмөн жашаган‚ башкача айтканда кирешеси тиричилик минимумунан аз калктын үлүшү болуп эсептелет. Бул көрсөткүч өз кезегинде кирешени бөлүштүрүүнүн теңсиздигине ж-а жакырчылыктын чегинин жогорулашына жараша болот.