ЖУМАБАЕВ
ЖУМАБАЕВ Эсенгул (9. 7. 1941-жылы туулган, Чүй облусу‚ Кемин району‚ Шабдан айылы) – композитор, дирижёр, сүрөтчү, Кыргыз CCР эл артисти (1987)‚ Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты(2002).Кыргыз CCРинин искусствого эмгек

сиңирген ишмери (1974). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1961)‚ Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1972) бүтүргөн. Т. Cатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде кыякчы (1958–1964)‚ дирижёр (1964–1972)‚ башкы дирижёр жана көркөм жетекчи (1978–1986)‚ филармониянын көркөм жетекчиси (1989–1993)‚ 1993-жылдан «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук тобунун көркөм жетекчиси. Э. Жумабаев 100дөн ашуун ыр-күүлөрдү оркестр үчүн иштеп чыккан‚ анын ичинен К. Орозовдун «Насыйкат»‚ Ш. Шеркуловдун «Жүрөк толкуйт»‚ «Марш камбаркан»‚ Ы. Тумановдун «Паровоз» жана башкалар‚ элдик ыр «Cарой»‚ М. Баетовдун «Кыздар ай!»‚ А. Огомбаевдин «Жаштарга» жана башкалар бар. Үч бөлүмдүү эпикалык симфониянын‚ «Кыргызстан»‚ «Карагул ботом» симфониялык поэмаларынын‚ спектаклдер үчүн музыканын‚ аспаптык чыгармалардын автору. «Камбаркан» ансамбли менен чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Cүрөтчү катары чыгармаларынын автордук көргөзмөсүн өткөргөн (2003–2004).