ЖУМАБАЕВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Асек (9. 5. 1924-жылы туулган‚ Нарын облусу‚ На­рын району‚ Байказак айылы – 27. 8. 2005-жыл, Биш­кек шаары) – ырчы, Кыргыз CCР эл артисти (1964). 1941– 1945-жылдары колхоздо эсепчи‚ 1943–1948-жылдары Нарын жана Ысык-Көл облустук драма театрларында артист‚ 1949-жылдан Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын солисти болгон.

Аткарган ролдору: Күлчоро (А. Мал­дыбаев‚ В. Вла­сов‚ В. Фере‚ «Ай­чүрөк »)‚ Шеге (Е. Брусиловский‚ «К ыз Жибек »)‚ Калыбек (А. Мал­дыбаев‚ В. Вла­сов‚ В. Фере‚ «Ал­тын кыз»)‚ Мар­кабай (Н. Давле­сов‚ «Аста-секин‚ колукту») жана башкалар. Киного да тартылган (Арзымат, «Токтогул» кино тасмасы). А. Жумабаев – элдик ырларды чебер аткарган‚ Калмурат‚ Cыртбай‚ Атай‚ Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн уланткан. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Бүткүл дүйнөлүк студент­тер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фести­валынын (1955) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ор­дени жана медалдар менен сыйланган.