ЖАЛ (чүйгүн тамак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАЛ 1 to ЖАЛ (чүйгүн тамак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛ – 1) кыргыздын чүйгүн тамактарынын бири. Бир элиден ашык казысы бар семиз жыл­кыдан гана жал чыгат. Арык жылкынын жалында майы жок чарым болот. Жал жегиликтүү, жа­гымдуу сый тамак катары чучук, карта менен бирге сый табактарга тартылат; 2) жылкынын шилисинен өркөчүнө чейинки, моюндун үстүнкү кыры менен кыркалай созулган узундугу карыш­тан кем эмес коюу кылдар. Жалдын маңдай жак­кы четин – «көкүл», өркөч жагын «ыйык жал» деп аташат. Тай, кунан, бышты, байталдын жалы жазында кыркылат. Бирок, алардын көкү­лү кыркылбайт жана ыйык жалдан бир тутам чок калтырылат. Айыптаган, ызалаган мааниде кы­сыр калган бээлердин жал, куйругу кыркылып, желеден бөлүнүп, субайларга кошулган.