ЖУМАДЫЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАДЫЛОВ Советбек (5. 12. 1932-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Тепке кыштагы – 3. 24. 2000-жыл, Бишкек шаары) – драма артисти, киноактёр, Кыргыз ССР эл артисти (1977). Ташкенттеги А. Н. Остров­ский атындагы театр-көркөм сүрөт институтунун актёрдук факультетин бүтүргөндөн (1953) Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген. С. Жумадылов каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген.



Ар кыл тематикадагы образдар­ды аткарып, алардагы таа­сирдүү тереңдиктерди таап, жөнөкөй, жеткиликтүү бер­ген. Аткарган негизги рол­дору: Ашырбай, Солтобай, Мухтар, Омор (Т. Абдумо­мунов, «Ашырбай», «Тар капчыгай», «Абийир кечир­бейт»), Мырзакул, Мамбет, Эдигей, Танабай (Ч. Айтматов, «Бетме-бет», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карытар бир күн», «Танабай Бакасов»), Кызыл чок, Маке чал (Б. Жакиев, «Алтын аяк»), Боромбай (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Тазабеков (Э. Тур­сунов, «Замандаш»), Дайыр Мусаевич (М. Бай­жиев, «Ар бир үйдө майрам»), Омар Хайям (К. Мамбетакунов, «Омар Хайямдын махабаты»), Ажы (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Семетей, Коңурбай (Ж. Садыков, «Сейтек», «Айкөл Ма­нас»); орус жана дүйнөлүк классиктерден: Лопа­хин, Войницкий (А. Чехов, «Алчалуу бак», «Ваня таяке»),

Ж. Садыков. «Сейтек» драмасы. Семетей – С.Жу­мадылов, Айчүрөк – Т. Абдразаева, Күлчоро – З. Соо­ронбаев. 1987.

Вронский (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Куудул, Ричард, Отелло (У. Шекс­пир, «Король Лир», «Ричард III», «Отелло»), Док­тор (Н. Хикмет, «Унутулган адам»), Эзоп (Г. Фи­гейредо, «Эзоп») жана башкалар. Жумабеков кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Шараф (режиссёру А. Бергункер, «Жоро»), Болотбек (М. Убукеев, «Тайгак кечүү»), Токтогул (Б. Каипов, «Алымкан»), Жарасбай (Б. Шамшиев, «Караш-караш окуясы»), Баяке (М. Убукеев, «Ак Мөөр»), Байзак (Б. Шамшиев, «Касиеттүү Ысык-Көл») жана башкалар. Медалдар мене сый­ланган.