ЖАЛ (Кадамжай районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 26 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАЛ 3 to ЖАЛ (Кадамжай районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Бирлик айыл округуна караштуу. Ка­дамжай – Сырт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1995 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Пүлгөн кыштагынан 42 км түштүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 82 км. Кал­кы 1513 (2022); негизинен мал чарбасында эм­гектенет. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.