ЖУМАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:08, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАЛИЕВ Cардарбек (5. 2. 1941-жылы туулган‚ Чүй облусу‚ Кант (азыркы Ысык-Ата) району‚ Жар-Башы айылы) – дирижёр, обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы музыкалык мектепти (1958), М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1962)‚ Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1967) бүтүргөн.

Кыргыз филармониясынын алдында­гы К. Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде (1958), Кыргыз эстрада ансамблинде (1968) ко­музчу‚ Республикалык эл чыгармачылык үйүндө музыкалык редактор (1972–1975)‚ 1977-жылдан К. Орозов атындагы Эл ас­паптар оркестринде дирижёр. Оркестр менен Си­рия, Польша, Моңголия, Кытай, Корея, Түркия, Франция, Япония жана башка мамлекеттерде гастрол­до болгон. С. Жумалиевдин эл арасына кеңири тараган 100дөн ашуун обону («Дзержинский бульва­рым»‚ «Кыргыз жери кымбатым»‚ «Ысык-Ата арашан»‚ «Толкундар»‚ «Таң сыры»‚ «Cен ме­нин жазылбаган ырларымсың» жана башкалар) бар. Ал обончулардын ондогон обондорун оркестр үчүн иштеп чыккан. Фортепьяно үчүн пьесалардын‚ романстардын автору. Бүткүл дүйнөлүк интел­лектуалдык менчик уюмунун алтын медалынын ээси (2007). Медалдар менен сыйланган.