ЖУНУСАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:15, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУСАЛЫ Куттубай уулу (1861‚ Талас өрөө­нү – 1961-жыл‚ ошол эле жер) – сурнайчы. Ал кичи­несинен эле ыр-күүгө шыктуу чоңойгон. Кийин эс тартканда Талас өрөөнүнүн жогорку аймагынан чыккан атактуу сурнай­чы Тайгожо менен таанышып‚ андан таалим алган.

«Cал­танат»‚ «Эл дүрбөдү»‚ «Эр са­йыш»‚ «Таң атат»‚ «Зулай­ка» сыяктуу күүлөрдү чыгар­ган. 1939-жылы Москвада өт­көн кыргыз искусствосу менен адабия­тынын он күндүгүнө каты­шып‚ «Ак токту» аттуу сур­най күүсүн мыкты аткарган. Белгилүү чыгармалары: «Колхоз шаңы»‚ «Кош кайрык»‚ «Cурнай күү»‚ «Жеңиш» жана башкалар. Медаль менен сыйланган.