ЖУНУСОВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:35, 26 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУСОВ Ибрагим (13. 5. 1961-жылы туулган‚ Ош облусу‚ Кара-Суу району‚ Сарай айылы) – обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2006). Педагогика илимдеринин канди­даты (2008), профессор (2006). Эмгек жолун заводдо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Ош мамлекеттик педагогика институтун бүткөндөн (1983) ан­да концертмейстер, 1984– 1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык ин­ститутунда окутуучу, 1986–2007-жылдары Ош Мамлекеттик университетинде окутуучу, декан, проректор болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын элге би­лим берүүсүнүн (2001), Кыргыз Республикасынын маданиятынын (2007) отлич­ниги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңе­шинин депутаты (2007). 2010-жылы 9-февраль –12-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп эмгектенген. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри (2010—2011), Кыргыз Республикасынын Мадания, маалымат жана туризм министри (2011—2013), Кыргызстандын Түркиядагы (2014—2018), Өзбекстандагы (2018—2021) элчиси кызматтарын аркалаган.

2019-жылдын 12-ноябрында ага Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи чини ыйгарылган.

200гө жакын лирика­лык‚ патриоттук‚ балдар ырларына обон жаз­ды. «Алтын апа»‚ «Таппадым сендей алтынды»‚ «Эламан»‚ «Ош кайрыктары»‚ «Кыргыз элим» жана башка ондогон ырлары эл арасында кеңири бел­гилүү. «Нокдаун» (режиссёру Т. Раззаков) көркөм тасмасына‚ «Алтын аяк» (Б. Жакиев)‚ «Күйөө­лөргө күлкү» (А. Абдугафаровдун)‚ «Аял» (C. Раев) спектаклдерине музыка жазган.