ЖАЛ-АРЫК I

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:55, 27 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАЛ-АРЫК 1 to ЖАЛ-АРЫК I) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛ-АРЫК I – Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү 1– 5-кылымдарда жашаган байыркы көчмөн хунн уруула­рына таандык көрүстөн. Анда 700гө жакын мүр­зө бар (көпчүлүгүнүн диаметри 10–20, бийиктиги 1–2 м). Маркумдардын сөөктөрүн арча табыт­тарга салып, казанактуу жайларга коюшкан. Карапа идиштер, жыгач чөйчөктөр, алтын бет­кептин (маска) калдыктары, түрдүү түспөлдөгү шурулар, коло күзгүлөр, акак таш чөгөрүлүп жа­салган алтын шакек, сөйкөлөр, темир кылыч­тар, жаанын жебелери, айнек бокал, соот­тун калдыктары табылган. 1959-, 1963-, 1968-, 1969-жылдары археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.